Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Германияга 75 кыргызстандык акысыз билим алууга кетип жатат


Германиядагы окуучулар музейде.
Германиядагы окуучулар музейде.

Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) кыргызстандык студенттер жана илим изилдөөчүлөр үчүн быйыл 400 миң евро каражат бөлдү. Бул программа менен 75 студент Кыргызстандан Германиянын ар кыл шаарларына барып бир нече айдан тарта бир нече жылга чейин билим алып келишет.

Стипендиялардын ичинен 39 студент Германиянын окуу жайларында жайкы немис тили курстарына катышса, 10 студент 2 жылдык магистратурага, 2 адам аспирантура менен ординатурадан билим алат. Ал эми №23 «Гёте» атындагы гимназиянын бүтүрүүчүсү Алым Жаратов бир жылдык даярдоо курсу, андан кийин 4 жыл Германияда жогорку окуу жайда окууга жолдомо алганын «Азаттыкка» билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG