Ички иштер министринин биринчи орун басары кызматына Сүйүн Өмүрзаков дайындалды. Бүгүн өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев Өмүрзаковду жамаат менен тааныштырганын министрликтин маалымат кызматынан "Азаттыкка" билдиришти.
Милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков буга чейин ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгын жетектеп келген. Аны министрге орун басар кылып дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Өкмөт башчынын дагы бир буйругунун негизинде министрдин мурдагы биринчи орун басары Нурбай Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, пенсия курагына байланыштуу эс алууга жиберилди. (NT)