Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 15:43

Ысык-Көл: 17 өлкөнүн Конституциялык сотунун судьялары тажрыйба алмашууда


Чолпон-Ата шаарында «Мамлекеттик бийликтин бутактарын натыйжалуу иштетүүдө конституциялык көзөмөл органынын орду» деп аталган эл аралык жыйын өтүүдө.

Ага Кыргызстан, Таиланд, Болгария, Латвия, Азербайжан, Түркия, Орусия, Корея, Литва, Армения, Хорватия, Румыния, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индонезия жана Монголиянын Конституциялык сотторунун судьялары, төрагалары, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңеш депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйынды Жогорку Соттун Конституциялык палатасы сот тармагындагы башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу максатында уюштурган. (AsM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG