Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Бишкек мэри 100 күндүк ишине отчет берет


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бүгүн маалымат жыйын куруп, кызматка келген 100 күн ичинде жасаган иштери тууралуу баяндама жасайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

27-февралда Бишкектин жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланган. Анын талапкерлигине шайлоого катышкан 43 депутаттын 42си “макул” деп добуш берген.

Ибраимов депутаттарга шаарды өнүктүрүү боюнча өз планын, программасын сунуштаган эмес. Ал мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун ишин улантарын айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG