Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

Кафелердин сапаты атайын белгилер менен аныкталат


Кыргызстандагы коомдук тамактануучу жайлардын сыртына гигиеналык абалды же тамак-аш сапатын баалаган атайын белгилер илинет. Аны жүзөгө ашыруу боюнча азыр атайын долбоор иштелип жатат. Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей сапатына жараша баалоо системасында экиден бешке чейинки сандар кафе-ресторандардын сыртына илинет. Же болбосо начар же жакшы экенин билдирген түстөр атайын тактайча менен жабыштырылат.

Мыйзамга ылайык, 2016-жылдын апрелинен тарта адистер тамактануучу жайларга эскертүүсүз текшерүү жүргүзүүгө акылуу. (SE)

XS
SM
MD
LG