Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Барак Обама Хиллари Клинтондун талапкерлигин расмий колдоду


Хиллари Клинтон жана Барак Обама. Вашингтон, 2012-жыл.
Хиллари Клинтон жана Барак Обама. Вашингтон, 2012-жыл.

АКШ президенти Барак Обама мамлекет башчылыкка Демократиялык партиядан ат салышып жаткан Хиллари Клинтондун талапкерлигин расмий турдө колдоду. 9-июнда жарыяланган үгүт видеоролигинде Обама Хиллари Клинтон президенттик үчүн эң мыкты талапкер экенин, анын кесипкөйлүгү жана башка сапаттары АКШны башкарууга төп келерин жарыялады. Ага чейин Барак Обама Демократиялык партиядан ат салышып жаткан дагы бир талапкер – Берни Сандерс менен да жолугушкан болчу.

Хиллари Клинтон Обаманын колдоосун кубануу менен кабыл алганын айтты. Сандерс болсо күрөштү улантарын билдирди.

АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан Дональд Трамп да ат салышууда.

XS
SM
MD
LG