10-13-июнда күндүн кескин ысышына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда сел жүрүшү, суунун денгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
11-июнда күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;
Суусамырда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17 , күндүз 23…28;
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градуска чейин көтөрүлөт.
11-июнда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 33…35 градус ысык, саратан күчүнө кирди.