Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

"Эркин Европа/Азаттык Үналгысын" Томас Кент жетектеди


Томас Кент
Томас Кент

"Эркин Европа /Азаттык Үналгысынын" жаңы директору болуп Associated Press (AP) маалымат агенттигинде көп жыл бою эмгектенген Томас Кент дайындалды.

Өз үбагында жогору даражадагы медиа-менежер Томас Кент AP агенттигинин Москвадагы кызматын, андан кийин ошол эле агенттиктин эл аралык маалымат бөлүмүн жетектеп, башкы редактордун орун басары болуп иштеген. Кент АР кызматында редакциалык жана техникалык реформаларды жүзөгө ашырып, жаңы мултимедиа кызматтарын өнүктүрүүдө жана стратегиялык пландоо жаатында маанилүү орунду ээлеген.

Томас Кент "Пулитцер" сыйлыгынын калыстар тобуна мүчө болгон. Журналистикалык этика жаатында адистешкен.

Йель университетинин бүтүрүүчүсү Томас Кент төрт тилде, анын ичинде орусча эркин сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG