Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Нарында бала уурдоого шектелген жаран кармалды


Нарын шаарында бала уурдоого шектелген 30 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган шаардын тургуну небересин бирөөлөр уурдап кеткени боюнча арыз менен кайрылган.

Арызда аталган жаран алдоо жолу менен беш жаштагы баланы үйүнө алып барып, колу-бутун байлап, жер төлөдө кармаганы айтылган. Бул арыз боюнча 30 жаштагы келин кармалып, камакка алынды. Учурда адам уурдоо, мыйзамсыз эркиндикти чектөө беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, ал баланы акча талап кылуу үчүн уурдаган деп болжолдонууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG