Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Жерүйдүн эсебинен 75 мектептин курулушу аяктайт


Жерүй
Жерүй

Жерүйдү иштетүүнүн эсебинен курулуп жаткан жүз мектептин 75инин курулушу быйыл жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Курулуш, архитектура жана коммуналдык-турак жай боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, учурда өлкө боюнча Жерүйдүн эсебинен 100 мектептин курулушу жүрүп жатат. Анын 75инин курулушун жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Калгандары кийинки жылы пайдаланууга берилмекчи. Мындан сырткары бюджет эсебинен мурдагы жылдары жана быйыл башталган 50дөн ашык мектептин курулушу жүрүүдө.

Таластагы Жерүй кенин иштетүү укугу аукциондун негизинде былтыр 100 миллион долларга сатылган. Бул каражат республиканын жана облустун бюджетине которулган. Анын ичинен республикалык бюджетке түшкөн каражатка бийликтер өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруу жана 100 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү чечимин алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG