Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Рустамов: Кумтөр боюнча экологиялык доону өндүрүүгө аракет кылабыз


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкектин райондор аралык сотунда Кумтөр боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин арызы каралып жатат. Анын негизинде Кумтөрдү экологиялык талаптарды сактабаганы үчүн мамлекет пайдасына компенсация өндүрүүнү көздөөдө. Бул үчүн агенттик 15,7 миллиард сом өндүрүп берүүнү талап кылып жатат.

Рустамов Кумтөрдү иштеткен компаниялар экологиялык талаптарды аткарбаганын буга чейин бир нече комиссия аныктаганын билдирип, сот алардын пайдасына чечет деген үмүтүн билдирүүдө.

Буга чейин экологиялык доо боюнча сотко Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кайрылып, Бишкектин райондор аралык соту “Кумтөр Оперейтинг компаниге” 7 миллиард сом төлөп берүүнү милдеттендирген.

"Кумтөр" алтын кен ишканасы айтылган доону четке кагып, Кыргызстандын жана эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын эскертип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG