Канада соту камактагы Ирандын активдерин Тегеран колдоого алган ХАМАС жана "Хезболла" тобунун чабуулдарынан өлгөндөрдүн жакындарына төлөп берүү чечимин чыгарды. Мындай чечим 10-июнда кабыл алынды. Ага ылайык, ирандын камактагы 13 миллион доллар каражатты 1983-жылдан 2002-жылга чейин Буэнос-Айрес, Израил, Ливан жана Сауд Арабиясындагы чабуулдарда каза болгон америкалыктардын үй-бүлөлөрүнө төлөнүп берилет. Бул чабуулдарда жүздөн ашык адам каза болгон.
Буга чейин АКШнын Жогорку Соту Ирандын 2 млрд долларынын эсебин жабуу чечимин кабыл алган. Сот чечимине ылайык, ал каражат Иран ыңкылабы учурунда, 1983-жылы Бейрутта АКШ аскерлеринин казармасын, 1996-жылы Сауд Арабиясында Khobar Towersти бомбалоодо жабыркаган америка жарандарына жана алардын жакындарына төлөнүп берилиши керек.
Буга каршы болгон Иран президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттарды Эл аралык сотко берерин билдирген.