Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Токтогулда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы кыз изделүүдө


Райондун Кутчу-Суу айылынын тургуну, 7-класстын окуучусу Назбийке Тимурлан кызы беш күндөн бери табылбай жатат. Жергиликтүү тургундардын “Азаттыкка” билдиришинче, ал 7-июнда түнкү саат бирлер чамасында үйдүн терезесинен чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Аймактагы эки айылдын тургундары милиция менен биргеликте тоолорду кыдырып издеп жатат. Эки күн мурда кызды адамдар эски мазар жактан көргөн деген маалыматтар бар. Психикалык оорудан жабыркаган Назбийке буга чейин да үйүнөн чыгып кетип, кийин табылганы айтылууда.(RsK)

XS
SM
MD
LG