Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Кабул АКШнын Ооганстандагы аскер күчтөрүнүн макамын кеңейтүү чечимин колдойт


Ооганстандагы америкалык аскерлер
Ооганстандагы америкалык аскерлер

Ооган бийлиги АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы ролун кеңейтүү боюнча чечимин кубаттайт. Ооган Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Жаннат Шазири "Франс-пресс" агенттигине сүйлөп жатып, мындай чечим "Талибан" кыймылына каршы күрөшкө жардам болорун билдирди. Ал эми Ооганстандын президентинин маалымат катчысы Шах Хусейин Муртази ооган күчтөрү америкалык аскерлердин абадан сокку уруудагы колдоосуна жана аскер кеңешчилерине муктаж экенин айтып чыкты.

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн ролун кеңейтүү боюнча сунушту жактырган. Мындай кадам соңку кездери "Талибандын" кол салуулары менен кыянатчылыктары көбөйгөн шартта ооган күчтөрүнө колдоону күчөтүү үчүн жасалууда. Бул чечимге ылайык, АКШ аскерлеринин Ооганстандагы аракеттери эки жагынан кеңейүүдө. Бирок бул АКШнын азыр Ооганстандагы 9800 аскери күнүмдүк операцияларга тикелей тартылат дегенди туюндурбайт.

XS
SM
MD
LG