Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Орландодо кыргын салган адам ИМдин мүчөсү экени кабарланууда


Түнкү клуб.
Түнкү клуб.

Бул тууралуу АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу жарыялады. Маалыматка караганда, Флорида штатынын Орландо шаарындагы кумсалардын түнкү клубунда кыргын салган адам бул окуянын алдында полицияга телефон чалып, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко ант бергенин билдирген. Анын ооган тектүү америкалык жаран, 29 жаштагы Омар Мир Седдики Матин экени айтылып жатат.

Ал арада ИМди колдогон Amaq маалымат агенттиги ок атууларга аталган топтун согушкеринин катышы бардыгын жазып чыкты. Матиндин шериктери барбы-жокпу азырынча белгисиз. АКШ бийлиги анын ИМ менен түз байланышы тууралуу далил табыла электигин кабарлады.

12-июнда эртең менен кумсалардын Pulse деп аталган түнкү клубундагы ок атуулардан 50 адам набыт болуп, 53ү жаракат менен ооруканага түштү. Алардын көпчүлүгүнүн абалы оор. Кол салган адамды полиция үч сааттан кийин жок кылган. АКШ президенти Барак Обама муну өлкө тарыхындагы эң кандуу окуя деп атады.

XS
SM
MD
LG