Ош облусунда чегиртке басып кетүү коркунучу жаралган аймактарды дарылоо иштери жүрүп жатат. Өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин Ош аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Шермамат Жусупов "Азаттыкка" билдиргендей, учурда дарылоо жүрүүдө:
- Азыркы күндө 10 миңдей гектар аянтка дары чачтык. 8 миңдейин учак менен, калганын техника менен. Дагы 1,5-2 гектардай жер калды. 1-2 күндө бүтүп калабыз.
Жусуповдун айтуусунда, Араван, Ноокат райондорунда чегирткенин марокколук жана италиялык деген түрлөрү катталган. Дары чачуу иштери алдын алуу максатында жүргүзүлдү, талаага айдалган өсүмдүктөр жабыркаган жок. (RK)