Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Пакистан-Ооганстан чек арасындагы атышууда жарадар, курман болгондор бар


Пакистан менен чектешкен жердеги ооган аскерлери.
Пакистан менен чектешкен жердеги ооган аскерлери.

Хайбер ашуусунда болгон Ооганстан жана Пакистан аскерлеринин ортосундагы атышууда бери дегенде бир киши курман болгон. Ооган расмий өкүлүнүн 13-июндагы маалымдоосуна караганда, тоолуу райондогу Торхам өткөрмө бекетиндеги атышууда алты аскер жарадар болгон. Пакистан бийлиги алардын бир аскери жарадар болгонун маалымдады.

Маалыматка караганда, атышуу 12-июнда жергиликтүү саат боюнча кечки тогуздарда чыккан. Ооганстан өкмөтүнүн аткаруучу төрагасы Абдулла Абдулла Пакистан менен ок атышууну токтотуу макулдашылганын Твиттердеги баракчасына жазды. “Бул маселе дипломатиялык жолдор аркылуу жөнгөрүлүшү керек. Чатак эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келбейт”, деп кошумчалаган Абдулла Абдулла.

Пакистан чек ара кызматынын Ооганстан багыты боюнча командири Аюб Хусайнхил алар ооган тараптан атылган окко натыйжалуу жооп бергенин, мекенин коргоо үчүн баарына даяр экенин билдирген.

Ооганстан Пакистан талиптерге жардам берип келет деп айыптаса, Исламабад аны четке кагып келет. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 2200 чакырым. (AiT)

XS
SM
MD
LG