Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Укук коргоочу Абдирасулова УКМКга чакырылышы мүмкүн экени айтылды


Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова
Азиза Абдирасулова жана Төлөйкан Исмаилова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Улуттук коопсуздук комитетине көрсөтмө берүү үчүн чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу катты ал аталган мекемеден алганын бүгүн "Азаттыкка" кабарлады:

- Президент бизди төңкөрүш жасайм дегендерге кошуп күнөөлөбөдү беле. Ошондуктан биз УКМКга "Мага же мен жетектеген уюмга дооматыңар барбы?" деген суроо менен кат жазгам. Келген жоопто "кылмыш иштин чегинде биз сизди чакырабыз" деп жазып коюшуптур. Бирок кайсы кылмыш иш экенин билбей жатам өзүм дагы.

УКМК азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл Энелер күнүндө кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып мамлекет башчы укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр деп атаган. Ага чейин аталган эки укук коргоочу "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына мониторинг жүргүзүү максатында гана катышканын айткан.

Укук коргоочулар президентти сотко берген. Учурда алардын доо арызы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG