Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

ИМ: Флоридадагы чабуулду халифат жоокери ишке ашырды


Омар Матин
Омар Матин

"Ислам мамлекети" террордук тобунун маалыматына ылайык, 12-июнда Орландо шаарындагы гей-клубга анын аскерлеринин бири кол салган. Орландо шаарында кол салууда 49 адам өлгөнүн полиция тактап маалымдады. Буга чейин аткан адам менен кошо 50 киши өлгөн деп кабарланып жаткан. Федералдык иликтөө бюросу өлгөндөрдүн 48инин тек жайы аныкталып, 24нүн үй-бүлөсүнө кабар берилгенин маалымдады.

Орландо шаарындагы гей-клубга кол салган АКШда төрөлгөн, түбү оогандык Омар Матин экени аныкталды. Омар Матин кол салардан мурда полицияга телефон чалып, "Ислам мамлекетинин" мүчөсү экенин билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG