Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Kloop.kg сайтынын журналисти УКМКда сурак берет


Коопсуздук кызматынын чакыруусу.
Коопсуздук кызматынын чакыруусу.

Kloop.kg сайтынын жооптуу редактору Элдияр Арыкбаев Улуттук коопсуздук кызматынан чакыруу келгенин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Атайын кызматтын өкүлү журналист КТРКда обого чыккан кумсалардын укуктары жана бир жыныстагы адамдардын ортосундагы нике тууралуу талкууга байланыштуу 14-июнга чакырылганын, анткени Коомдук канал менен Kloop.kg сайтынын үстүнөн арыз түшкөнүн билдирген.

Өткөн айда КТРКнын "Ой ордо" көрсөтүүсүндө кумсалардын укуктары талкууланган. Бул берүүдөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кумсаларды пропагандалоо жүрүп жатат деген нааразылык акциялары өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG