Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Франциядагы кол салуу үчүн ИМ жоопкерчилик алды


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Париждин четиндеги полиция кызматкеринин жана анын аялынын өлүмү үчүн жопкерчилик алганын Amaq сайты аркылуу билдиргени кабарланууда. 13-июндун кечинде полиция офицерин белгисиз адам бычак менен тогуз жолу сайып өлтүргөн. Андан соң анын аялы менен үч жашар баласын туткундап, үйүнө жашынып алган.

Француз ички иштер министрлиги кол салган адам менен сүйлөшүү аракетинен натыйжа чыкпаганын, кылмышкер барымтадагылардын бирин өлтүргөнүн “Твиттерге” жазгандан кийин үйгө чабуул коюлганын билдирди. Полициячынын аялын куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Наристе эсен-соо экени маалымдалды.

Кол салган адамдын эмне себептен бул кадамга барганы азырынча белгисиз. Ал полиция кызматкеринин коңшусу болгон деген божомол айтылууда. Францияда ушул күндөрү футбол боюнча Европа чемпиондугу өтүүдө. Баш калаа Парижде жана башка шаарларда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG