Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Нарын: газга ууланып каза тапкандар жерге берилди


Кырсык болгон чуңкур
Кырсык болгон чуңкур

Газга ууланып каза болгон "Нарын суу канал" ишканасынын үч жумушчусунун сөөгү 12-июнда жерге берилди. Нарын шаардык кеңеши маркумдардын үй-бүлөлөрүнө элүү миң, ооруканада жаткан эки жумушчуга он миң сомдон акчалай жардам берди. Бул каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынганын шаардык кеңештин төрөгасы Эрмек Турсуналиев “Азаттыкка” билдирди.

9-июнда “Нарын сууканал” мекемесинин беш жумушчусу беш метр тереңдиктеги акыр-чикир өтчү түтүктү оңдоого түшүп, кир суудан чыккан газга ууланышкан. Алардын үчөө каза болуп калды. Экөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Үч адамдын иш учурундагы өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (MiK/NT)

XS
SM
MD
LG