Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Өз балдарын сатты деген аялдын иши тергелип бүттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Чүйдө өзүнүн эки баласын сатып жиберди деп шектелип жаткан аял боюнча кылмыш иш тергелип бүттү. Ушул жума ичинде иш сотко өтөрүн бүгүн "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат катчысы Нурбек Токтосунов билдирди:

- Балдарды сатып алган адамдар сот бүткөнчө аларды карап турабыз деп тил кат жазып беришкен. Өспүрүмдөр инспекциясы көзөмөл жүргүзүүдө.

Токтосуновдун айтуусунда, баласын саткан үй-бүлөнүн жашоо шарты оор экени, балдарын бага албагандыктан ушундай окуя болгону аныкталды.

Балдары сатылып кеткени тууралуу милицияга быйыл февраль айында атасы кыйрылган. Анын айтымында, уулу менен кызын аялы 80 миң сомго соодалаган, ал эми январь айында жаңы төрөлгөн ымыркайын Чүй облустук Төрөт үйүнөн 2 миң сомго сатып жиберген.

Учурда кылмышка шектүү аял Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Иш Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө тергелүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG