Ооганстан жана Пакистан чегиндеги Хайбер өтмөгү тарапта чек арачылардын кагылышуусунан кийинки чыңалуу дале күчүндө.
Ооганстан күч түзүмдөрү 13-июндагы чатакта бир ооган аскери өлтүрүлүп, алтоо жаракат алганын билдирди. Алар ооган аскерлери бейтарап эсептеген чек арадагы курулушту токтотуу талабын Пакистан жааты аткарбай, ок ачканын айтышууда.
Ал эми Пакистан болсо алгач ооган тарап ок чыгарганын, курулуш жүргөн жер өздөрүнө таандык деген жүйөнү айтууда. Атышуудан эки пакистандык жоокер менен тогуз жай тургун жаракат алганы кабарланды. Расмий бийлик коюлган доону билдирүү үчүн Ооганстандын дипломатиялык миссиясынын башчысын Исламабадга чакырды.
Эки өлкөнүн чек ара тилкеси 2 200 чакырым.