Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 10:55

ИИМ: "Коопсуз шаарды" жергиликтүү бийликсиз ишке ашыруу мүмкүн эмес


"Коопсуз шаар" долбоорун милиция жалгыз ишке ашыра албайт, бул үчүн жергиликтүү бийликтин колдоосу керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

- Жол, жолдун үстүндөгү сызыкчалар, белгилер, светофорлор жергиликтүү бийликтин колунда. Аларсыз, алардын жардамысыз "Коопсуз шаарды" ишке ашыра албайбыз. Видеофотофиксация техникабызды илип койгон күндө да алдыга жылбайт.

"Коопсуз шаар долбооруна" инвестор издөө 2011-жылы кытайлык компаниянын утушу менен аяктаган. Бирок ал тендердин жыйынтыгы кайра жокко чыгарылган.

Ал эми 2015-жылы Орусиянын "Стилсофт" компаниясы уткан, бирок учурда аталган компаниянын башка фирмалар менен соттук териштирүүлөрү жүрүп жатат. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG