Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Укук коргоочулар Жалал-Абад мэриясын сотко берди


Жалал-Абаддын Ленин көчөсүн кеңейтүү иши жүрүүдө
Жалал-Абаддын Ленин көчөсүн кеңейтүү иши жүрүүдө

Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Адилеттүүлүк” адам укугун коргоо уюму мэрияны сотко берди. Бул тууралуу аталган бирикменин юристи Өткүр Жапаров бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Укук коргоочулар шаар бийлигине Ленин көчөсүн кеңейтүүдөгү мэрдин буйругун, шаардык кеңеш бекиткен компенсация боюнча токтомду, көз каранды эмес комиссиянын корутундусун жана шаардын башкы планы боюнча маалымат сурап 3 ирет кайрылуу жолдогонун айтууда.

- Бирок шаар бийлиги маалымат берүүдөн баш таркан. Ошол себептүү Кыргыз Республикасынын маалымат алуу жөнүндөгү мыйзамын бузгандыгы үчүн мэриянын аракетин мыйзамсыз деп, шаардын башкы планы боюнча маалымат берүнүү милдеттендирүү үчүн сотко кайрылдык, - дейт Жапаров.

Анын айтымында, Ленин көчөсүнүн үч тургуну да мэриянын мыйзамсыз аракеттерине жана компенсация жөнүндөгү чечимине карата нааразылык билдирип, район аралык сотко арыз жазышкан.

Ушул айдын башында шаардын негизги Ленин көчөсүн кеңейтүү иштери башталып, 38 турак жай сүрдүрүлгөн. Шаар бийлиги өз ишин мыйзамдуу деп атоодо. (RsK)

XS
SM
MD
LG