Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Евробиримдиктин Түркиядагы өкүлү кызматтан кетти


Евробиримдиктин Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хансйорг Хабер түрк жетекчилиги менен болгон чатактан кийин кызматынан кетүүнү чечти.

13-майда Хабер качкындардын Түркия аркылуу Европага массалык агымын токтотуу боюнча Евробиримдик менен келишилген шарттарды аткарбай жатат деп расмий Анкараны кескин сындаган. Түрк Тышкы иштер министрлиги дипломатка бул үчүн нааразычылыгын билдирген.

10-июнда Евробиримдик июндун аягынан тарта түркиялыктарга виза режимин алып салуу чечимин артка жылдырганы белгилүү болду. Бул шарт качкындар боюнча келишимге киргизилген болчу.

Брюссель чечимин Анкара Евробиримдик тарабынан коюлган талаптардын бири, антитеррордук мыйзамдарды жумшартпай жатканына негиздеген. Буга жооп ирети Түркия жетекчилиги анткен күндө күрд жикчилдери менен күрөшкө доо кетерин билдирген.

16-июнда Еврокомиссия бул маселе боюнча жаңы документин жарыялайт.

XS
SM
MD
LG