Калыс-Ордо аптапта суусуз калды
Бишкектеги Калыс-Ордо жаңы конушунун жашоочулары 14-июнда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин алдына нааразычылык билдирип чыгышты. Алардын айтымында, төрт күндөн бери комитетке тиешелүү болгон аймакта жайгашкан кудуктан айылга суу берилбей жатыптыр. Анын себебин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурбек Дүйшөналиев элдин суу эсептегичтерден баш тартып белгилүү гана сумманы төлөөнү каалап жатканы менен түшүндүрдү. Жалпы конушту суу менен камсыз кылган кудукту элге Сауд Арабиядан келген демөөрчүлөр салып берген.
Чыгарылыштар
-
Август 02, 2026"ВИЧтин азабынан күйөөм менен ажыраштым"
-
Июль 28, 2026"Мадина" базары: соодагерлер муңу, мэриянын жообу