Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Орусиядагы мигранттардын кирешеси төрт эсе азайды


Борбордук банктын эсеби боюнча, 2016-жылдын биринчи кварталында Орусиядан КМШ өлкөлөрүнө жеке адамдар 914 млн доллар которушкан. Кризиске чейинки 2014-жылдын биринчи кварталына бул сумма 3,3 млрд доллар болчу. Бул тууралуу СА-News порталы жазып чыкты.

Мында доллар курсунун рублга карата эки эсе өскөнүн, мигранттар рубль менен айлык алышарын эске алуу керек.

Эл аралык валюта фондунун болжолуна ылайык, эмгек мигранттары которгон акча чоң роль ойногондуктан, 2016-жылы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жылдык экономикалык өсүү 1,2% гана болот. Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Акча которуунун кыскарышы боюнча ириде Өзбекстан турат. Экинчиде Кыргызстан. Өлкөгө алгачкы үч айда 150 млн доллар которулган. Бул эки жыл мурдагыдан 2,6 эсеге аз. Бул Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке киргенине байланыштуу болушу мүмкүн. Анткени, эмгек патенттерин алуу кымбатка турат деп жазат портал.

XS
SM
MD
LG