Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков сөгүш алды


Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

Мындай чечимди Коомдук каналдын байкоочу кеңеши 14-июнда кабыл алды. Жыйында соңку мезгилде каналдын дарегине карата айтылган сын-пикирлер, "Жаңы муун" кыймылынын өкүлдөрүнүн КТРК кумсаларды пропагандалап жатканы жана муну токтотуу тууралуу арызы каралды. Мындан тышкары Коомдук каналдын кызматкерлерине байланыштуу жаңжалдын чоо-жайы териштирилди.

Апрелде практикант кыз аталган телеканалдын кызматкерине алданып, кош бойлуу болуп калганын бир катар гезиттер жазып чыккан. КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков практикант ачуусу менен зордуктады деп милицияга кайрылганын, кайра тосмо арыз жазганын билдирген.

Кечээ ал кыз кош бойлуу абалында байкоочу кеңештин жыйынына катышып, жетекчиликти жана зордуктады делген журналистти жоопко тартууну талап кылды. Байкоочу кеңеш мүчөлөрү КТРКнын дарегине бийликти мактап, оппозицияны каралайт деген сындар, каржылык мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар келип жатканы айтышты. Эрежеге жат жүрүм-турумдары менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө тарткан кызматкерлерди жана кумсалар тууралуу берүү даярдаган кабарчыларды иштен алууну сунушташты.

Буга жол берген деген негизде КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго сөгүш жарыяланды. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн ага 30-июнга чейин мөөнөт берилди. Карыпбеков болсо сөгүш менен макул эместигин, бирок талашып-тартышууга убакыт тардыгын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. (NT)

XS
SM
MD
LG