Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

АКШ президенти Барак Обама Орландого барат


Орландодо курман болгондорду эскерүү.
Орландодо курман болгондорду эскерүү.

Обама кандуу окуя болгон Орландо шаарына 16-июнда барары белгилүү болду. АКШ президенти маркумдардын үй-бүлө, жакындарына жана жабыркагандарга көңүл айтат.

14-июнда ал Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуп, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко каршы күрөш жана Орландо кыргынын иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат алды. Күч органдарынын ар кандай кол салуулардын алдын алуу аракеттерине оң баа берип, президенттикке талапкер Доналд Трампты “радикал ислам терроризми” деген терминди колдонбоого чакырды.

Буга чейин Республикачылар партиясынан АКШ президенттигине талапкерликке ат салышып жаткан Дональд Трамп Ооганстан, Пакистан жана Сирия жарандарына АКШга кирүүгө чек коюу керектигин билдирген. Ал "Твиттердеги" баракчасына “радикал ислам терроризми” боюнча мурдатан айтканы оңунан чыгып атканын, Орландо окуясы мунун башталышы экенин белгилеген.

Ошондой эле республикачы өлкө бийлигин алсыз деп атап, президент Барак Обаманы кызматын таштоого, Демократтар партиясынан талапкерликке умтулган Хиллари Клинтонду жарыштан чыгууга үндөгөн.

12-июнда Орландо шаарындагы кумсалардын түнкү клубундагы ок атуулардан 49 адам каза тапты. 50дөн ашууну жаракат алышкан. Кылмышкер делген теги оогандык АКШ жараны Омар Матин полиция менен атышууда жок кылынган.

XS
SM
MD
LG