Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

ӨКМ: Селдин айынан Нарын, Ысык-Көл жана Чүйдө абал опурталдуу


Нөшөр жаандан кийин пайда болгон селге байланыштуу Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында абал дагы эле опурталдуу бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Мекеменин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтуусунда, азыр эле министр Кубатбек Боронов ыкчам жыйын өткөрүп, абалды талкуулады. Жыйында министр Нарынга, орун басарлары Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарына тез арада жөнөп кете турганы маалым болду.

- Мындан тышкары күйүүчү-майлоочу май, техниканы аймактарга тез арада жеткирүү иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында абал өтө опурталдуу. Ал эми түштүк региондордо жогорудагы облустарга салыштырганда дарыялардагы суунун көлөмү бир аз төмөндөдү. Бирок коркунуч толук жоюла элек. Анткени шашылыш билдирүү 17-июнга чейинки мөөнөттү камтыйт. Нөшөр жаанга жана кардын эришине байланыштуу сел жүрүшү ыктымал, - деди Бекилов.

Соңку маалыматка караганда, кечээ кечинде катуу жаандан кийинки селден Тоң районунда бир аялдын өмүрү кыйылды. Кырсыктын так себебин адистер аныктайт. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG