Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Францияда эки полицейди жихадчы өлтүргөнү аныкталды


Француз полицейлерин бычактаган Лароси Абала.
Француз полицейлерин бычактаган Лароси Абала.

Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, 25 жаштагы Лароси Абала полиция күчтөрү менен сүйлөшүүдө ал “Ислам мамлекети” тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин чакырыгын аткарып жатканын айткан.

Абала полиция командирин жана анын полицияда иштеген жубайын 13-июнь күнү Париждин четиндеги Маньянвиль шаарчасындагы үйүндө бычактап салган.

Полиция кызматкерлеринин үч жашар баласын коопсуздук күчтөрү жихадчыны жок кылуу менен куткарып калышты.

Маалыматтарга караганда, Лароси Абала соңку кездери полициянын байкоосу астында жүргөн, жихадчы топтор менен байланышы үчүн ал буга чейин абакта да олтуруп чыккан эле.

Полиция билдиргендей, жихадчыдан кол салууну көздөгөн адамдардын тизмеси табылган жана ал колдоочуларын учурда Европанын Францияда өтүп жаткан футбол чемпионатын “мүрзөгө” айлантууга чакырган.

Франция жана АКШ президенттери Франсуа Оланд менен Барак Обама “Ислам мамлекети” тобуна жан тарткандар келтирип жаткан коркунучтарды 14-июнь күнкү телефон сүйлөшүүсүндө талкуулашты. (UE)

XS
SM
MD
LG