"Жаш жарандардын өнүгүүсү" коомдук фонду жайкы лагерди Базар-Коргондун Арстанбап жергесинде уюштурганы жатат. Фонддун төрагасы Майрамбек Адылбековдун "Азаттыкка" билдирүүсүндө, лагерде кыздарга саламаттык, гендердик укук жана лидерлик боюнча окуулар өтөт.
Жайкы лагерге Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 14-17 жаштагы кыздар тандалып алынат. (RsK)