Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Иран АКШнын үстүнөн эл аралык сотко даттанды


Иран.
Иран.

Иран кармалып турган активдерин пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн АКШнын үстүнөн БУУнун эл аралык сотуна кайрылды. Президент Хасан Роухани эки миллиард долларга байланыштуу сотко арыз жазылганын 15-июнда телеканал аркылуу элге билдирди. Бирок сотто бул ишке байланыштуу юрисдикция бар же жок экени маалым эмес.

Быйыл апрелде АКШнын Жогорку соту Борбордук банктагы Ирандын камакка алынган эки миллиард долларын конфискациялап, 1983-жылы Бейруттагы бомбалоодон курман болгон америкалыктардын үй-бүлөлөрүнө берилсин деген чечим чыгарган эле. Ал бомбалоого Иран жетекчилик кылганы айтылган. Ал эми Тегеран муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG