Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

Орусия Алепподо 48 саатка ок атуу токтотулганын кабарлады


Сирия, 14-июнь, 2016-жыл
Сирия, 14-июнь, 2016-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги ок атууну токтотуу 16-июндан башталарын кабарлады. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти бул маалыматты тастыктады. Москванын бул билдирүүсү АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри февраль айында жетишилген ок атууну токтотуу келишимин Орусия жана Сирия режими аткарышы керектигин, АКШнын чыдамы түгөнүп баратканын айткан эскертүүсүнөн кийин чыкты. Орусия "Аль-Каида" менен байланышкан "Ал-Нусра" фронтун айыптап, Алеппону ракеталар менен аткылап жатканын билдирүүдө. Орусия Сирия аскерлерин колдоп, ага абадан колдоо көрсөтүүдө. 14-июндан бери 70 жоочу өлтүрүлгөнүн Сирия адам укуктары уюму кабарлады. (AiT)

XS
SM
MD
LG