Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Францияда үч орус футбол күйөрманы камалды


Француз бийлиги бирикменин лидери Александр Шпрыгин менен бирге 20 күйөрман өлкөдөн чыгарыларын маалымдады. Мындай чечимге Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа биринчилиги үчүн мелдеш учурундагы зордук-зомбулук себеп болду.

Андан тышкары 14-июндагы мушташка байланыштуу үч күйөрман эки жылдык мөөнөткө кесилди. Орус футбол күйөрмандарына карата мамиле Москванын нааразылыгын пайда кылып, француз элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Александр Шпрыгин улутчул Либерал-демократиялык партияга жакын жана Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары, ЛДПРдин негиздөөчүсү Владимир Жириновскийдин уулу Игорь Лебедевдин жардамчысы экени маалым.

Франциянын ички иштер министрлиги Евро-2016 футбол таймашы башталгандан бери 320 киши кармалганын, алардын ичинен 24ү өлкөдөн чыгарылганын маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG