Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

ММК мыйзамын өзгөртүү сунушу бүгүн да каралбай калды


Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү сунушу бүгүн да каралбай турган болду.

Тиешелүү мыйзам долбоорун "Республика Ата-Журт" фракциясы талкууламак, бирок авторлордун бири, КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев өзү келбей калганына байланыштуу маселе күн тартибинен алынып салынды.

Мыйзам долбоор кечээ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралмак, бирок Кожобек Рыспаев ал "чала болуп жатат" деп, күн тартибинен алдырып койгон.

10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Айрым серепчилердин пикиринде, эгер демилге колдоо тапса, "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

"Азаттыкты" колдоп кечээ Ак үй алдында укук коргоочулар пикет өткөрдү.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттык" радиосунун өлкөдө демократия, сөз эркиндигин калыптандырууга кошкон салымы зор деген пикирин билдирди.

Мыйзам долбоорун КСДП фракциясынан депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана "Республика Ата-Журттан" Таабалды Тиллаев жана Жыргалбек Турускулов демилгелеген. (RK)

XS
SM
MD
LG