Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Тоңдо сел суусу багылып жаткан балыктарды агызып кетти

Иллюстрация
Иллюстрация

Ысык-Көл облусунда кечээ катуу жааган жаандын кесепетинен Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, Тоң балык өстүрүүчү чарбасынын жанында дамбанын 200-250 метр аралыгын суу алып кеткен. Суунун агымы барып 6 жасалма көлмөгө куюлуп, анда өстүрүлүп жаткан балыктарды агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, балык заводунун жанындагы бир үй-бүлөнү кайык менен эвакуациялап, коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү.

Суунун жээги колдо болгон каражаттар менен бекемделди. (RK)

XS
SM
MD
LG