Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Немис полициясы 6 орусиялык футбол ышкыбозун кармады


Фанаттар.
Фанаттар.

Немис полициясы алты орусиялык футбол ышкыбозун кармады. Алар 16-июнда Кельн шаарында испаниялык туристтерди ур-тепкиге алган деп шектелүүдө. Полиция эки испаниялык олуттуу жаракат алганын билдирет.

А орусиялыктар Франциядагы Евро-2016 чемпионатынан Москвага кайтып келатышкан, деп жазат ТАСС агенттиги.

16-июнда француз соту үч орусиялык күйөрманды Орусия-Англия оюнунан кийинки мушташка катышкан деп, эки жылга чейин эркинен ажыраткан. Ошондой эле алты англиялык, үч француз жана бир австриялык да соттолуп, жазанын эң катаалын француз фанаты алган. Ал бир жылга кесилди. 20 орусиялык Франциядан чыгарылсын деп чечилген.

Орусиянын Марселдеги башкы консулу Сергей Молчанов футбол күйөрмандары депортацияга каршы арызданышарын билдирген.

11-июндагы Марселдеги матчтын соңунда чыккан башаламандыктан 30 адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG