Франция өкмөтү Euro-2016 чемпионатынын алкагында Орусия-Уельс футболчуларынын беттеши маалында дагы башаламандык чыгып, фанаттар мушташышы ыктымал деп кооптонууда.
Адистер беттеш коопсуздугунун шкаласын үч упайдан төрт упайга көтөрдү. Тартипке көз салуу үчүн эки миңдей полиция тартылары кабарланды. Өкмөт беттеш маалында спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салды. Кафе-барларды жарым түндө жабууга буйрук берилди.
Орусия менен Уэльс футбочлулары 20-июнда Тулуза шаарында ойношот.
Буга чейин Орусия-Англия, Орусия-Словакия беттештеринде орус футбол фанаттары тополоң чыгарышкан. (SE)