Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Киров суу сактагычтагы абал ӨКМдин көзөмөлүндө


Киров суу сактагычы, Талас
Киров суу сактагычы, Талас

Жаан-чачынга байланыштуу Таластагы Киров суу сактагычынын деңгээли көтөрүлдү. Суу сактагыч 550 млн кубга эсептелген. Азыр суунун көлөмү 546 млн кубга жетип калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Таалай Касенов билдирди. Адистер суу ташкынын болтурбоо үчүн нормадан ашык 194 млн куб өлчөмдө сууну агызып чыгарууда.

Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, суу сактагычка жакын айдоо жерлерди суу каптап кеткен. Эл кооптонуп, туугандарынын үйүнө убактылуу кетип жатышат.

Селден улам эки күн мурун Талас районундагы Арал айылындагы эки көпүрө бузулган. Талас-Тараз жолун суу жууп кеткен.

Синоптиктер ушул күндөрү өлкө аймагында сел коркунучу жогору экенин эскертүүдө. (SS)

XS
SM
MD
LG