Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Британ депутатын аткан адам өзүн “Саткынга өлүм” деп тааныштырды


Депутат айым Жо Кокстун урматына коюлган шамдар.
Депутат айым Жо Кокстун урматына коюлган шамдар.

Британия парламентинин депутаты Жо Кокстун өлүмүнө айыпталып жаткан Томас Мейр 18-июнда сотко келип, суроолорго жооп берди. Бирок ал кандай гана суроо берилбесин, баарына “Менин атым Саткынга өлүм, Британияга эркиндик” деп жооп кайтарды. Сот жараянынын жүрүшүндө ал адам өлтүрүү жана мыйзамсыз курал сактоо боюнча күнөөлүү деп табылды.

46 жаштагы депутат айым Жо Кокско 16-июнда Лиддс шаарына жакын жерде кол салуу болгон. Ага 52 жаштагы Томас Мейр ок атып, ал жыгылгандан кийин бир нече жолу бычак сайганы аныкталган.

Мындан улам Улуу Британиянын Евробиримдикке мүчө катары калышын жактаган жана ага каршы болгондордун бардык акциялары убактылуу токтоду. 23-июнда бул маселе боюнча референдум өтмөк.

Маркум Улуу Британиянын биримдикке мүчө катары калышын кубаттап келген. (SE)

XS
SM
MD
LG