Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Ирак армиясы Мосулда ири аскерий операция өткөрүүгө даярданууда


Мосул жаарына жакын жерде.
Мосул жаарына жакын жерде.

Ирак армиясы бир жарым миллиондон ашуун калк жайгашкан Мосул шаарында ири аскерий операцияларды өткөрүүгө камылга көрүп жатат. Армиянын расмий өкүлдөрү 18-июнда маалымдашкандай, атайын даярдыктагы жоокерлер жана эки аскерий дивизия Байжи шаарынан Мосулга карай багыт алышты.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюму көзөмөлдөп турган Мосул шаары башкалаа Багдаддан 400 чакырым алыста жайгашкан. Жоочулар басып алган 2014-жылдан бери бул шаар “Ислам мамлекети” террордук тобунун башкаруучу борборуна айланган.

Ирак өкмөтү эки күн мурун Фаллужа шаарын согушкерлерден бошотуп, административдик имаратка өлкө байрагын илишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG