Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жалал-Абад казыяты бала зордуктоо окуясы боюнча түшүндүрүү жүргүзөт


Жалал-Абад облустук казыяты Сузак районунда 10 жаштагы баланы айыл имамы зордуктаганы тууралуу тараган маалыматка байланыштуу дин кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу облус казысы Абдулазиз Закиров “Азаттык” радиосуна билдирди.

Райондогу айылдардын биринде имам болуп жүргөн 58 жаштагы молдо 10 жаштагы баланы эки айдан бери зордуктап келгени аныкталып, камакка алынганын жекшембиде милициядан кабарлашкан. Баланын зордукталганы медициналык экспертизада тастыкталган. Ишти Сузак райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат.

Облус казысы Абдулазиз Закиров шектүү адам айылда имамдык кылып жүргөнү чын экенин, аны бул кызматка айыл өкмөттүн имамы дайындаганын айтып, бирок бул окуяга байланыштуу ислам динин каралоо туура эместигин белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG