Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Дайыр Кенекеев өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Талас.
Талас.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу болуп дайындалган Дайыр Кенекеев расмий ишке киришти. Аны бүгүн өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов эмгек жамаат жана облустук активдер менен тааныштырды.

Кенекеевди бул кызматка дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. 42 жаштагы Дайыр Кенекеев соңку бир жылдан бери өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин, 2011-жылы мамлекеттик мүлк министри болуп эмгектенген. Андан соң "Газпромнефть АЭРО Кыргызстан" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалаган.

Буга чейин облус губернатору болуп иштеген Байышбек Жуманазаров жумуштан кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган.(NT\SS)

XS
SM
MD
LG