Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

Президент өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну тапшырды


Өткөн жумада жааган нөшөрлүү жаандан улам Талас, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарында дарыяларда суу көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралган.
Өткөн жумада жааган нөшөрлүү жаандан улам Талас, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарында дарыяларда суу көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралган.

Президент Алмазбек Атамбаев 20-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровду кабыл алды.

Анын жүрүшүндө нөшөрлөгөн жаандан жана күндүн кескин ысып кетишинен улам дарыялардын деңгээли көтөрүлгөн аймактарда суу алып кеткен көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, жээктерди бекемдөө аракеттери тууралуу маалымат алды.

Эки мекемеге жергиликтүү бийликтер менен биргеликте стратегиялык маанидеги автоунаалар менен инфраструктуралык объектилердин суу алып кетишине жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп, өз убагында алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Туруксуз аба ырайы жана тынымсыз жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстанда дарыяларда суу деңгээлинин жогорулоо, сел коркунучу сакталууда. Өткөн жумада жааган нөшөрлүү жаандан улам Талас, Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарында дарыяларда суу көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралган. Бир катар аймактар суу ташкын жана селден зыян тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG