Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

«Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасы Бразилияда көрсөтүлөт


Кыргыз киносу.
Кыргыз киносу.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарындагы маданий иш-чарада көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан кинематография департаменти кабарлады. Маалыматка караганда, «Кызыл вестерн» деп аталган иш-чара быйыл 7-17-июлда өтөт.

Аталган тасмада Ысык-Көлдөгү эски феодалдык бийлик кулап, социалдык бийлик али күчүнө кире элек мезгил, апийим өстүрүүнүн күчөгөнү жана анын аткезчилигине каршы күрөш сүрөттөлөт. Ошондой эле аткезчилерге каршы күрөшкөн адамдын сүйүүсү да чагылдырылып, акыр түбү чындык, акыйкат жеңет деген түшүнүк берилген.

«Ысык-Көлдүн кызгалдактары» Жет-Ө­гүз, Жууку, Барскоон капчыгайында алты ай тартылып, ага айыл эли жалпы катышкан. Фильм 1971-жылы көрүүчүлөргө тартууланган. (NT)

XS
SM
MD
LG