Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

2015-жылы жер которууга аргасыз болгондордун саны рекорддук деңгээлге жетти


Европага жер которгон ооганстандык качкындар.
Европага жер которгон ооганстандык качкындар.

Дүйнөдө согуш жана чатактардан улам орун которууга аргасыз болгондордун саны өткөн жылы тарыхта болуп көрбөгөндөй көп болгонун БУУнун Качкындар башкармалыгы кабарлады. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирия жана Ооганстан сыяктуу жерлерден, жалпысынан дүйнөдө 2015-жылы 65,3 млн киши орун которууга аргасыз болгон. 2014-жылы андай адамдардын саны 60 млн болуп, жаңы рекорд жараткан эле. Улуттар Уюмунун баяндамасында ар бир күнү минутасына 24 киши орун которуп кетүүгө аргасыз болгону белгиленген. Женевада жайгашкан башкармалык Европа жана башка өлкөлөрдүн лидерлерине кайрылып, адамдарды үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз кылган согуштарды токтотууга көбүрөөк салым кошууга чакырды. БУУ ошондой эле мигранттар маселеси Европада ксенофобияны өстүрүп жатканын эскертти. (AiT)

XS
SM
MD
LG