Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Рим мэрлигине биринчи жолу аял шайланды


37 жаштагы Виржиния Раджи Римдин биринчи аял мэри болот.
37 жаштагы Виржиния Раджи Римдин биринчи аял мэри болот.

19-июнда Италияда болгон жергиликтүү шайлоолордо премьер-министр Маттео Ренци жетектеген солчул демократиялык партия жеңилүүгө учурады. “Беш жылдыз” аттуу популисттик кыймыл Рим жана Туринде жеңишке жетишти. Бул партиянын мүчөсү, 37 жаштагы адвокат Виржиния Раджи Римдин биринчи аял мэри болмокчу. Ал 67% добуш алып, Маттео Ренци колдогон атаандашын утуп алган. Раджи айым коррупцияга каршы күрөштү ураан кылып, “шаарга мыйзамдуулук жана ачыктыкты кайра алып келүүнү” убада кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG